ОшМУда юбилейлик аймактык студенттик конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда юбилейлик аймактык студенттик конференция өттү

Image

Университетте 2023-жылдын 25-ноябрында    “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу X юбилейлик аймактык студенттик илимий конференция өттү.
Конференцияга  түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан студенттер, магистранттар жана 100дөн ашуун алардын илимий жетекчилери, окумуштуулар, ЖОЖдордун илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, илим, аспирантура  бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Пленардык жыйында   5 жогорку окуу жайдын студенти баяндама жасады. 400дөн ашуун жаш илимпоздордун илимий макалалары илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 22 секцияда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды. 
“Жаш илимпоздор үчүн уюштурулган бул иш-чараны 2014-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүп келе жатабыз. Бул жылы 10-ирет юбилейлик конференцияны өткөрдүк. 2020-жылы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу онлайн форматта уюштурганбыз. Бул илимий иш-чара студенттик коомчулуктун жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын жана жыйынтыктарын талкуулоо, колдонуу үчүн максаттуу, жалпы аянтчага айланды. Студенттердин, магистранттардын илимий изилдөөлөрүн активдештирүүгө, өнүктүрүүгө, адис катары көндүмдөрдүн пайда болуусуна жана калыптануусуна өбөлгө түзүүдө. Ошону менен бирге, аймактык конференция студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын, окуу жайлардын байланыштарын бекемдөөгө да салым кошууда. Көптөгөн студенттердин мыкты билим алуусуна, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсүнө шык-дем, түрткү берип келет. Конференциянын алгачкы катышуучулары аспирантураны аякташып, кандидаттык диссертацияларын коргоп калышты”, − деди аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси, конференциянын уюштуруучусу, доцент Гүлжамал Анарбаева.

Фото галерея