Философия илиминин доктору, профессору Токтосун Аттокуров дүйнө салды

Башкы Жаңылыктар

Философия илиминин доктору, профессору Токтосун Аттокуров дүйнө салды

Image

Өлкөнүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус жоготууга учурады. Философия илиминин  доктору, профессор Токтосун Аттокуров 85 жаш курагында күтүүсүз дүйнөдөн кайтты. 
Токтосун Аттокуров 1938-жылы Алай районунун Жошолу айылында жарык дүйнөгө келген.
Агай эмгек жолун 1956-1958-жылдары "Ленин жолу" колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1958-жылдын сентябрь айынан баштап КМУнун тарых факультетине кирип, аны 1963-жылы аяктаган.
1963-жылдын сентябрь айынан баштап Алай районундагы Гүлчө айылындагы Макаренко атындагы орто мектебинде коом таануу жана тарых мугалими болуп иштеген. 1964-1968-жылдары Кыргыз ССРнин Илимдер академиясынын Философия институтунда аспирантурада сырттан окуган.
Илимий-педагогикалык чыгармачылыгы 1965-жылдын сентябрынан тартып ОшПИдеги философия кафедрасында окутуучу болуп иштөөдөн башталган.
ОшПИде окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессор, 1988-1991-жылдарда илимий коммунизм каферасынын, 1991-1992-окуу жылында философия жана социализм теориясы кафедрасынын, 1993-жылдан тартып социология жана политология кафедрасынын, 2009-жылдан баштап 2019-жылга чейин Философия жана политология кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.
1968-жылы декабрда Кыргыз ССРнин Илимдер академиясындагы Коомдук илимдер бөлүмүнүн Адистештирилген кеңешинде кандидаттык диссертациясын коргогон, ал эми СССРдин Министрлер Советинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен 1987-жылдын 30-октябрында философия илиминин доктору, 1990-жылы 26-апрелде СССРдин Элге билим берүү мамлекеттик комитетинин чечими менен илимий коммунизм кафедрасынын профессору наамы берилген.
Илимий кадрларды даярдоодо аспирант жана изденүүчүлөргө илимий жетекчилик кылып, агайдын жетекчилиги менен үч илимдин кандидаты даярдалды. 
Т. Аттокуров социология, үй-бүлө социологиясы жана үй-бүлө тарбиясы боюнча ири адис болгон.
Агайдын 80ден ашуун илимий макалалары, 5 монографиясы жарык көргөн.
Билимге, илимге кошкон зор салымы үчүн бир топ мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.
ОшМУнун ректораты, кесиптик бирлиги, окуу жайдын жалпы жамааты бул жоготууда маркумдун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүү менен аларга терең кайгыруу менен көңүл айтат.