ОшМУнун делегациясынын Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун делегациясынын Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

Image

Ушул жылдын 24-ноябрь күнү ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Ташкент мамлекеттик стоматологиялык институтунда болуп, ректор Нодир Хайдаров менен жолугушту. Тараптар академиялык мобилдүүлүк, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Муну менен катар делегация аталган университетте ОшМУдан барып  академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, пикир алышты.
ОшМУнун делегациясы күндүн экинчи бөлүгүндө  Ташкенттеги Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинде болушту. Университеттин ректору Абдугаффор Киргизбоев менен жолугушууда  эки окуу жайдын алдыдагы кызматташтыктары боюнча сүйлөшүүлөр болду. 
Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жаткан ОшМУнун студенттери менен жолугушту.  Ошондой эле делегация залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган конференцияга катышты. Андан соң окуу жайдын факультеттери жана окуу лабораторияларында болушту.
ОшМУнун делегациясынын Ташкент шаарындагы ЖОЖдорго болгон иш сапары жемиштүү аяктады.

Фото галерея