Өзбекстанда ОшМУнун “Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты” борбору ачылды

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстанда ОшМУнун “Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты” борбору ачылды

Image

А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде ОшМУнун “Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты” борборунун расмий ачылышы болду.  Ага  ректор Кудайберди Кожобеков, окуу жайдан барган делегация, А.Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин ректору Шухрат Сирожиддинов жана профессордук-окутуучулук жамааты катышты.

Борбор материалдык-техникалык каражаттар менен жабдылып, кыргыз тилине, адабиятына, тарыхына, маданиятына байланышкан көркөм, илимий адабияттар жана макалалар коюлган.

Иш-чаранын алкагында тараптар бир тууган элдердин кызматташтыгын өнүктүрүүдө  борборлорду ачуу  чоң роль ойной турганын жана анын маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле борборлор эки элдин каада салтын, маданиятын жана тилин жайылтууда кызмат көрсөтөт.

Борборлор Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири белгилөө боюнча биргелешкен иш-чаралардын алкагында жүзөгө ашты.

ОшМУ учурда Өзбекстандын кырктай ЖОЖдору менен кызматташат.

Фото галерея