Эл аралык рейтингде ОшМУ 3-орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Эл аралык рейтингде ОшМУ 3-орунду ээледи

Image

“IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR) - 2023” Эл аралык рейтингинде Ош мамлекеттик университети 3-орунга ээ болду. Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги университеттердин алдыңкы үчтүгүнө кирди. Аталган рейтингдин биринчи позициясын Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети (Казакстан), ал эми экинчи позициясын Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университети (Россия) ээледи. 
“IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR)” рейтинги IREG (Observatory on Academic Ranking and Excellence) рейтингин жүргүзүүнүн эл аралык методикалык стандарттарына негизделип IAAR агенттиги тарабынан иштелип чыккан жана ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнүн сапатын комплекстүү баалоого багытталган.  
 Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардын көз карандысыз рейтинги университеттин ишмердигинин   сапатын, академиялык коомчулуктагы, студенттердин, жумуш берүүчүлөрдүн арасындагы кадыр-баркын айкын көрсөтүп, билим берүүнүн учурдагы тенденцияларына ылайыкташкан, атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү жана илим изилдөө чөйрөсүн калыптандырууга өбөлгө түзөт.
"IAAR Eurasian University Ranking - 2023" эл аралык рейтингине Казакстан, Нидерландия, Индия, Туркия, Латвия, Азербайджан, Молдова, Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка бир топ мамлекеттердин алдыңкы университеттери катышып келүүдө.