ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү бош жумуш орундар жарманкесине катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү бош жумуш орундар жарманкесине катышты

Image

 22-ноябрда Ош улуттук драма театрында өткөн бош жумуш орундарынын жарманкесине ОшМУнун бүтүрүүчү курстарынын студенттери катышты.

Жарманке Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, JIA бизнес ассоциациясы, Ош шаарынын мэриясы, Германия Өкмөтүнүн Эл аралык кызматташтык уюму тарабынан уюштурулуп, ага өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка чөйрөлөрдөн 40тан ашык компания катышты.  Жарманкеде мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 3 миңден ашуун бош жумуш орундарын сунушташты.

Иш-чаранын алкагында, ишкерлер тарабынан мастер-класстар өткөрүлүп, жарандарга ишке орношуу, кесиптик даярдоо, иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештер берилди.

Жарманке окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

ОшМУнун студент-ыктыярчылары иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөтүштү.

 

 

Фотолор Ош шаардык мэриясынын баракчасынан алынды
Фото галерея