Спортчу Бектен Эркебай уулу студенттер менен баарлашты

Башкы Жаңылыктар

Спортчу Бектен Эркебай уулу студенттер менен баарлашты

Image

Дене тарбия факультетинин студенттери факультеттин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү Самбо боюнча дүйнө кубогунун күмүш медалынын ээси Бектен Эркебай уулу жана КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Акжол Онорбаев менен жолугуп баарлашты.
Жолугушуда алар спортто басып өткөн жолдору, кыйынчылыктар, жетишкендиктери, ийгиликтери жөнүндө айтып, студенттердин суроолоруна жооп беришти. Спортчулардын ийгилигинде ОшМУнун, факультеттеги билим берген окутуучулардын салымы чоң болгонун кошумчалашты.
Бектен Эркебай уулу Гордеев атындагы мастердик турнирдин 2 жолку чемпиону, Самбо боюнча Дүйнө кубогунун күмүш медалынын жана Азия чемпионатынын  күмүш медалынын,  Дүйнө чемпионатынын 2 жолку коло медалынын ээси, жылдын мыкты спортчусу, эл аралык даражадагы спорт чебери. Ал ОшМУнун дене тарбия факультеттин 2016-жылы аяктаган.
Жолугушуунун максаты белгилүү инсандар, спортчулар менен студенттер арасында байланыш түзүү жана стимул берүү.
Буга чейин ОшМУнун студенттери Дүйнөнүн 3 жолку, Азиянын 5 жолку чемпиону, КРдин эмгек сиңирген спортчусу Айсулуу Тыныбекова менен  жолуккан.

Фото галерея