Scopus жана SciVal куралдарын колдонуу боюнча семинар-тренинг башталды

Башкы Жаңылыктар

Scopus жана SciVal куралдарын колдонуу боюнча семинар-тренинг башталды

Image

ОшМУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын консорциумунун провайдери катары окуу жайдын базасында  «Elsevier» компаниясы  менен биргеликте “Илимий долбоорлор жана басылмалар үчүн Scopus жана SciVal куралдарын кантип колдонуу керек” деген темада семинар-тренинг өткөрүп жатат.

Анда «Elsevier» компаниясынын Борбордук Азия жана Азербайжан боюнча консультанты Рабига Хожамкул катышуучуларга илимий долбоорлор жана басылмалар үчүн Scopus жана SciVal куралдары,  издөө, авторлорду алдыга жылдыруу,  индекс Хиршасын жогорулатуу жана илимий башкаруу боюнча маалыматтар менен бөлүшүп жатат.

Тренингге ОшМУ, БатМУ, ЖАМУ, КӨЭУ, ОшТУ, ОшМПУнун китепкана, илим жана рейтинг бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, IT адистери, профессордук-окутуучулук курамы катышып жатат.

Эки күндүк семинар-тренингден соң ОшМУнун базасында  “Scopus Research Hub” ресурстук борбордун ачылыш аземи өтөт.

 

Фото галерея