Буаида Абдувалиеванын 70 жылдык мааракеси белгиленди

Башкы Жаңылыктар

Буаида Абдувалиеванын 70 жылдык мааракеси белгиленди

ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Буаида Абдувалиеванын 70 жылдык мааракеси жана эмгек жолунун 50 жылдыгына арналган  “Буаида Абдувалиева — агартуунун асылы” аталышындагы бенефиси өттү. Анда маараке ээсинин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү, окутуу-тарбиялоодогу устаттыгы, адамдык мыкты сапаттары жөнүндө кесиптештери, курсташтары, классташтары, шакирттери, студенттери, жакындары баяндап ачып беришти.

 “Буаида Абдувалиева билим берүү тармагындагы 50 жылдан ашуун эмгек жолунун 35 жылга жакыны ОшМУда өткөн. Студенттерге билим гана бербестен эмгек жолунда  “Сынчыл ойломду өстүрүү үчүн окуу жана жазуу”,  «Социалдык-психологиялык жагымдуу чөйрө түзүү» долбоорунун тренери, “Көз карандысыз аккредациялоо программасынын” эксперти катары талыкпай эмгектенип келет. Илим жолунда окутуп жаткан предметине байланыштуу 33 илимий макаланын, окуу китептеринин, усулдук колдонмолордун, окуу куралдардын автору. Кафедранын ардагер окутуучусу катары дайыма акыл-насаатын, кеп-кеңешин айтып бизге жол көрсөтүп келет”,-дейт факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы Зувайда Каразакова.

70 жылдык мааракеге арналган кечеде доцент Буаида Абдувалиевага окуу жай тарабынан “ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери” наамы, бир айлык өлчөмүндөгү сый акы, ал эми кесиптик бирлик тарабынан Жалал-Абад санаториясына 10 күндүк эс алууга жолдонмо тапшырылды.

Кече  концерттик программа менен коштолду.

“Үмүт” телестудиясынын кызматкерлери Буаида Абдувалиеванын 70 жылдык мааракесине арналган тасма даярдап көрсөтүштү.

Фото галерея