PhD докторанттар чет өлкөлүк илимий жетекчилери менен жолугушту

Башкы Жаңылыктар

PhD докторанттар чет өлкөлүк илимий жетекчилери менен жолугушту

Image


Ош мамлекеттик университетинин PhD докторантурасында филология программасынын 6 PhD докторанты ноябрь айында Өзбекстандын Андижан мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик институтуна сырткы жетекчилерине жолугуу жана тажрыйба алмашуу үчүн барышты. Ушундай эле илимий иш сапар менен колдонмо математика жана информатика программасынын жетекчиси Б. Азимов, математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары Т. Жолдошов жана 4  PhD докторант Казакстандын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде болушту.
Иш сапардын жүрүшүндө докторанттар өздөрүнүн чет өлкөлүк жетекчилери менен илимий иштери боюнча пикир алмашып, Scopus, Web of Science жана РИНЦ базасындагы журналдарга чогуу макалаларды даярдоону талкуулашты. Ошондой эле аталган окуу жайлардын китепканаларынан өздөрүнүн илимий темаларына тиешелүү булактарды алышты.
Белгилей кетсек, ОшМУнун PhD докторантура программалары 2021-жылдан бери иш алып барууда. Учурда университет жети багыт боюнча PhD докторанттарды даярдоодо жана жалпы 79 PhD докторант бар.

Фото галерея