“Аалам алпы – Айтматов”  аталышында адабий-музыкалык кече өттү 

Башкы Жаңылыктар

 “Аалам алпы – Айтматов”  аталышында адабий-музыкалык кече өттү 

Image

Залкар жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы  тарабынан жарыяланган “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы”  3 айлыгынын алкагында финансы-юридикалык жана медицина колледждеринде “Аалам алпы – Айтматов”  аталышында адабий-музыкалык кече өттү. Анда студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөрдү, обондуу ырларды аткарышты. Ошондой эле жазуучунун чыгармалынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн сынагы өттү.
Кечеде жигердүү катышкан студенттер, сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.
“Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы”  3 айлыгынын  алкагында окуу жайда жума сайын студенттер арасында викторина, китеп окуу сынактары уюштурулат.

Фото галерея