ОшМУнун ректору студенттердин суроолоруна жооп берди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору студенттердин суроолоруна жооп берди

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков эркин форматта окуу жайда билим алып жаткан студенттер менен маектешти. Экрин баарлашууда катышуучулар тарабынан ректор К.Кожобековго  кесиптик ишмердүүлүгү, жеке жашоосу жана кызыгуулары жөнүндө суроолор берилди. Суроо-жооптун аягында ректор студенттерден 3 суроосуна жооп алды. Иш-чаранын соңунда ректор жыйынтыктоочу сөзүн айтып, мыкты суроо берген студенттерге белек берди.
Студенттер менен маектешүү мындан ары дагы уланат. Ага ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, өз тармактарынын мыктылары чакырылат.
Максат студенттерге эркин баарлашуу аянтчасын түзүү менен аларга стимул берүү.

Фото галерея