"Евразиялык кесиптик мектеп" консорциумунун биринчи жыйыны өттү

Башкы Жаңылыктар

"Евразиялык кесиптик мектеп" консорциумунун биринчи жыйыны өттү

Image

Ушул жылдын 23-октябрында Кыргыз экономикалык университети, Ош мамлекеттик университети жана  Орусиядагы Ачык гуманитардык институт деп аталган жогорку билим берүү уюмунун ортосунда "Евразиялык кесиптик мектеп" консорциумун түзүү жөнүндө үч тараптуу келишимге кол коюлган. Бул келишимдин алкагында онлайн форматта консорциумдун биринчи жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө консорциумдун координациялык кеңешинин төрагасы болуп Финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү ассоциациясынын башкы директору,  Ачык гуманитардык институттун кеңешинин төрагасы Вениамин Каганов, консорциумдун секретариатынын жетекчиси болуп Ачык гуманитардык институттун ректору Марина Васильева шайланды.  Ал эми ОшМУдан координациялык кеңештин курамына  ректор Кудайберди Кожобеков жана ОшМУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чынгызбек Мамажакып уулу кирди.

Жыйында жогорку окуу жайларда орто кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, орто кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча  маселелер талкууланды.

Андан сырткары Кыргызстандын студенттери үчүн Орусиянын орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларына квоталар бөлүнгөндүгүн жыйындын жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын макроэкономикалык саясат департаментинин директору Каныбек Ажекбаров маалымдады.

Фото галерея