ОШМУНУН АСПИРАНТТАРЫ “КЫРГЫЗТЕСТТЕН” ӨТҮШТҮ

Башкы Жаңылыктар

ОШМУНУН АСПИРАНТТАРЫ “КЫРГЫЗТЕСТТЕН” ӨТҮШТҮ

ОшМУда алгачкы жолу аспиранттандын кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатуу курсу уюштурулду. 20 сааттан турган курска жалпысынан 60ка жакын аспирант катышты. Курс учурунда аспиранттар жазуу, окуу, сүйлөө, угуу тайпаларына бөлүнүп, улам алмашып бир ай ичи билим алышты. Жыйынтыгында  "Кыргызтест" системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо "1. Лексика, грамматика, жазуу", "2. Аудирлөө", "3. Окуу", "4. Сүйлөө" сыяктуу төрт субтест боюнча билимдерин бекемдеген тесттен өтүштү. Мындай аспиранттарды  Кыргызтестке даярдоо курсун ОшМУ биринчилерден болуп өткөрдү.

Акыркы жалдарда илимий кандидаттык диссертациясын коргогону барган диссертанттардын баарына “Кыргызтесттен” өтүп, сертификатка ээ болуу тапшырмасы коюлган.

Окуу жайда “Кыргызтестке” даярдоо бир гана аспиранттарга, студенттерге гана эмес, мекеме-ишканалардын кызматкерлерине да өткөрүлүп келет.

Фото галерея