Профессор Жаанбай Элчиев дүйнө салды

Башкы Жаңылыктар

Профессор Жаанбай Элчиев дүйнө салды

Image

Элчиев Жаанбай Элчиевич
(15.01.1957 – 30.10.2023)
 
Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус жоготууга учурады. 

Алай районуна караштуу Таргалак айылында жарык дүйнөгө келген, филология илимдеринин доктору, профессор Элчиев Жаанбай Элчиевич 66 жаш курагында күтүүсүздөн дүйнөдөн кайтты.

Анын эмгек жолу 1984-1988-жылдары Алай районундагы И. Монуев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн башталган.

1988-1990-жылдары ОшМПИнин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу.

1990-жылдан 2023-жылга чейин ОшМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, доценти, профессору болуп эмгектенген.

1996-жылы “Кыргыз тилиндеги жаксыз сүйлөмдөр” деген темада кандидаттык диссертациясын, 2015-жылы “Келки маанилердин типтери жана түрлөрү” деген темада докторлук диссертациясын Бишкек шаарында коргогон.

1996-1997-жылдары ОшМУнун Теология факультетиндеги жалпы билим берүүчү предметтер кафедрасынын башчысы;

1996-2007-жылдары кыргыз тили илими кафедрасынын башчысы;

2007-2010-жылдары Кыргыз филологиясы факультетинин деканы болуп иштеген.

2003-жылы “Тил таануу” адистиги боюнча доцент илимий наамын алган.

2013-жылдан 2023-жылга чейин кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келген.

Төрт окуу-усулдук колдонмонун, эки илимий монографиянын, элүүдөн ашуун илимий макалалардын автору.

​ Билимге, илимге кошкон зор салымы үчүн бир топ мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.

ОшМУнун ректораты, кесиптик бирлиги, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин жалпы жамааты бул жоготууда маркумдун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүү менен аларга терең кайгыруу менен көңүл айтат.