Форумдун алкагында 51 кызматташуу келишимине кол коюлду

Башкы Жаңылыктар

Форумдун алкагында 51 кызматташуу келишимине кол коюлду

Image

ОшМУнун базасында өтүп жаткан Кыргызстан жана Россиянын  ректорлорунун III форуму пленардык отурумдар менен башталды. Мында “Заманбап университеттердеги илим жана инновациялар”, “ЕАЭБдын экономикасын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо” , “Келечектин педагогикасы: окутуунун жана тарбиялоонун жаңы ыкмалары” темаларынын баяндамалар окулуп, талкуулар орун алды.

Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү. Анын ичинен 10 университет: Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети, Москва мамлекеттик лингвистикалык университети, А.С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тили институту, Казан федералдык университети, Челябинск мамлекеттик университети, Н.И. Лабочевский атындагы Нижний Новгород мамлекеттик улуттук изилдөө университети, Түштүк федералдык университети, В.Г.Короленко атындагы Глазов мамлекеттик инженердик-педагогикалык  университети, Калмык мамлекеттик университети, Түндүк-Батыш мамлекеттик университети менен ОшМУ эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол койду.

2019-жылдагы биринчи форумдун аянтында ОшМУ Россиянын 13 университети менен эки тараптуу келишим түзсө, экинчи форумдун жүрүшүндө М.В. Ломоносов, И.М.Сеченов атындагы Биринчи Москва мамлекеттик медициналык университети жана Россия мамлекеттик гуманитардык университети менен келишимдерге жетишкен.

Учурда Ош мамлекеттик университети Россиянын 77 университети менен эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин алкагында кызматташып келет. Анын ичинен 21 багыт боюнча кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган меморандумдардарга кол койгон. Кош дипломдуу билим берүү программаларынын 12си учурда ийгиликтүү ишке ашууда.

Форумга Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков,  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри  Догдуркуль Кендирбаева баштаган жетекчилер жана 80ден ашуун эки өлкөнүн ректорлору катышууда.

Фото галерея