ОшМУ IPChain ассоциациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен келишимге кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ IPChain ассоциациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен келишимге кол койду

Image

 

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков “Интеллектуалдык менчик укуктары жана объектилери менен транзакцияларды кайра иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” ассоциациясынын (IPChain ассоциациясы) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ырыскүл Турсуналиева баштаган өкүлдөр менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.

Келишимдин максаты интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын жана жекелештирүү жана аларга болгон укуктарды коргоо каражаттарын пайда кылуу, укуктук коргоо, тескөө, пайдалануу фактыларынын жазууларын камтыган бөлүштүрүлгөн реестрди түзүү жана пайдалануу саналат.

IPChain санариптик инфраструктурасы өлкөнүн интеллектуалдык капиталын, илимпоздордун, маданияттын, искусствонун жана заманбап технологиялардын чыгармачылыгынын натыйжаларын коргоо жана аны экономикалык жүгүртүүгө тартуу үчүн сапаттык жаңы шарттарды түзөт.