« Биргеликте коррупцияга каршы!» жаштардын эл аралык конкурсу жарыяланат

Башкы Жаңылыктар

« Биргеликте коррупцияга каршы!» жаштардын эл аралык конкурсу жарыяланат

Image

Конкурстун башкы уюштуруучусу – РФ Башкы прокуратурасы. Конкурстун уюштуруучулары – Армения Республикасынын Башкы прокуратурасы, Беларусь Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Казакстан Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги, Тажикстан Республикасынын Мамлекеттик финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги.

Сынакка 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар катыша алат (авторлору -жеке адамдар, же чыгармачыл жамааттар).

Сынактын номинациялары: «Мыкты плакат» жана «Мыкты видеоролик».

Темасы: « Биргеликте коррупцияга каршы!».

Конкурстук иштер (плакаттар жана видеороликтер) конкурстун сайтында (www.anticorruption.life) орус тилинде кабыл алынат.

Конкурстук иштерди сынакка катышуучулардын улуттук тилинде орус тилине милдеттүү түрдө котормосу менен тапшырууга мүмкүн (плакаттар түшүндүрмө тексти менен, видероликтер субтитр аркылуу берилиши керек).

Конкурска катышуу үчүн сынактын расмий сайтында каттоодон өтүп, каттоо формасын толтуруп, сынактын эрежелерине, ошондой эле персоналдык маалыматтарын иштетүүгө макулдугун тастыкташы керек. Конкурстук иштер электрондук түрдө жеке кабинет аркылуу конкурстун расмий сайтында (www.anticorruption.life) жүктөлүшү тийиш.

«Мыкты плакат» номинациясында файлды сунуштоо форматы: JPG, А3 (297 х 420 mm) форматына ылайык, тараптарынын тийиштүү пропорциясы, 300 dpi чечим. Бир файлдын өлчомү 15 Мб ашык эмес.

«Мыкты видеоролик» номинациясында файлды сунуштоо форматы: mp4, 1920 х 1080р ашык эмес, файлдын көлөмү 300 Мб ашык эмес. Узактыгы: 120 сек чейин, үнү: 16 бит, стерео.

Эскертүү:

Чектөө.

Конкурстук иште төмөндөгүлөр камтылбашы тийиш:

•    сынакка катышуучу мамлекеттердин ички мыйзамдарына карама-каршы келген, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жаманатты кылган, жарандардын диний сезимдерин кемсинткен текст, сюжеттер, сахна адамдарынын жана каармандардын аракеттери;

•    уятсыз (нормага ылайык келбеген) сөздөр, адамдын кадыр-баркын кемсинтүүчү сөздөр жана сөз айкаштары, экспрессивдүү жана жаргон сөздөр, жашыруун жарнама, тамеки тартууну, ок атуучу куралдарды жана курал-жарактарды, жардыргыч заттарды, жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо процессин, алкоголдук ичимдиктерди жана баңги каражаттарын, башка психотроптук заттарды колдонуу аракеттери;

•    реалдуу даректерди жана телефон номерлерин көрсөтүү, диний агымдар жөнүндө маалыматтар, анын ичинде диний символдор, товарлардын, товардык белгилердин, тейлөө белгилеринин, жеке жана юридикалык жактардын аталыштары жана шилтемелерин көрсөтүү;

•    фашисттик атрибуттардын (свастикалардын), зордук-зомбулук көрүнүштөрүнүн, адамдардын жана жаныбарлардын денесине залал келтирүүнү чагылдырган ар кандай түрдөгү басмырлоолордун, вандализмдин, кандын сүрөттөрү, интимдик көрүнүштөр, жылаңач адамдардын, адамдын, же топтордун ар-намысын басмырлаган ар кандай формадагы башка маалыматтар, ошондой эле балдардын ден соолугуна жана (же) өнүгүшүнө зыян келтириши мүмкүн болгон, ошондой эле экстремисттик аракеттерге чакырыктарды камтыган маалыматтар;

•    Мыйзам тарабынан жол берилген автордук укуктун чегинде чыгармалардан цитата келтирген учурларды кошпогондо, башка бирөөлөрдүн тексттерин, видео жана аудио материалдарын пайдаланууга (плагиат) жол берилбейт.

Эгерде бул чектөөлөр сакталбаса, конкурстук иш сынакка эч кандай этапта катыша албайт.

Конкурстук материалдар кайтарылбайт жана рецензияланбайт.

Сынактын Уюштуруучулары жана кошо Уюштуруучулары, башка компетенттүү органдар учурдагы уюштуруу маселелерин чечүү үчүн өз өлкөсүнүн катышуучуларына кайтарым байланышты камсыздап беришет.

Сынактын расмий сайтында 2023-жылдын 20-октябрынан кийин Уюштуруучу ушул Эрежелердин 3.3-пунктуна ылайык, сынакка катышуучу-мамлекеттердин Улуттук конкурстук комиссиялары (башка компетенттүү органдар) тарабынан тандалып алынган эң мыкты сынак иштерин жалпы көрүүгө жарыялайт.