Студенттер арасында өткөн “Көркөм окуу” сынагы жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

Студенттер арасында өткөн “Көркөм окуу” сынагы жыйынтыкталды

Image

"Нур" гезити тарабынан 23-Сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата эне тилге арналган ырларды “Көркөм окуу” сынагы уюштурулду. Сынакка ОшМУнун  кесиптик бирлик комитети демөөрчүлүк кылып, байге фонду үчүн 10 миң сом түзүп,  25 студент катышты.

1-орунду  кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенти Бакберген Расулжан уулу (5миң  сом), 2-орунду  орус филологиясы факультетинин студенти Мырзайым Эрматова  (3миң сом), 3-орунду  математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Гүлзар Максытали кызы (2миң сом) ээ болду .

Алдыңкы орундарды багындырган студенттерди баалоодо алардын ыр тандоо табити, видеороликке тартуу чеберчилиги жана көркөм окуудагы шыгы каралды.

Сынак ОшМУнун студенттеринин чыгармачылыкка болгон табитин калыптандыруу, таланттуу студенттерди коомчулукка тааныштыруу жана эне тилди даңктоо максатында уюштурулду.

Фото галерея