"Түрк дүйнө математиктер коомунун төш белгиси" менен  профессор  Г.Матиева  сыйланды

Башкы Жаңылыктар

"Түрк дүйнө математиктер коомунун төш белгиси" менен  профессор  Г.Матиева  сыйланды

Image

 

Казакстандын Түркстан шаарындагы Кожо  Ахмед Яссави университетинде 20-23-сентябрь күндөрү Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин VII дүйнөлүк конгресси өттү.  Анда КР УИА мүчө-корреспонденти, ОшМУнун  ф.-м.и.д., профессору  Гүлбадан  Матиева  математика илимин өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн "Түрк дүйнө математиктер коомунун төш белгиси" менен  сыйланып, конгресстин лауреаты болду.

Дүйнөлүк  Конгресске ОшМУдан Билим берүүнүн сапаты жана лицензиялоо департаментинин директору Жылдыз Артыкова, илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Курбанбаева  ОшМУнун  ф.-м.и.д., профессору  Гүлбадан  Матиева баштаган делегация катышып келди.

Ахмед Ясауи университетинде өткөн  түрк дүйнөсү математиктеринин VII Дүйнөлүк конгрессине 20 өлкөдөн 500дөн ашуун  математик чогулду.

Конгресстин негизги максаты эл аралык байланыштарды жана илимпоздордун илимий кызматташтыгын кеңейтүү, математика илиминин өнүгүшүнө көмөктөшүү жана математика жана маалыматтык технологиялардын жетишкендиктерин илимий изилдөө, технология жана билим берүү тармагында колдонуу болуп саналат.

Конгресстин катышуучулары коюлган милдеттерди турмушка ашырууда математика илиминин ролун жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, орто жана жогорку мектептерде математиканы окутуунун жана компьютерлештирүүнүн заманбап көйгөйлөрүн  талкуулашты.  

Жыйынтыгында Түрк дүйнөсүнүн математиктери көтөргөн актуалдуу маселелерди биргелешип чечүү үчүн илимий программаларды даярдоо пландалды.

Фото галерея