Окутуучу С.Камалов эл аралык чемпионатта байгелүү орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Окутуучу С.Камалов эл аралык чемпионатта байгелүү орунду ээледи

Image

DigitalSkills 2023 санариптик көндүмдөр  эл аралык  чемпионатында Ош мамлекеттик университетинин PhD докторанты, окутуучу  Султанбек Камалов « Учуучу робототехника» компетенциясы боюнча 2-орунду ээледи.

Эл аралык чемпионат Татарстандын Казань шаарында 2023-жылдын 20-сентябрынан 23-сентябрына чейин өтүп,  Кытай, Орусия,  Бразилия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Африка өлкөлөрүнөн 600 дөн ашуун өнөр жайдагы чакан, орто жана ири бизнес өкүлдөрү, окуу жайлардын студенттеринен куралган командалар күч сынашты. 

Кыргызстандын курама командасынын  курамында ОшМУнун колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын башчысы Бектур Азимов, окутуучу Султанбек Камалов катышты. 

DigitalSkills – бул технология тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу, өлкөнүн экономикасын санариптештирүүгө салым кошуу, тажрыйба алмашуу жана эксперттик коомчулуктун баасын алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн эл аралык чемпионат болуп эсептелет. 

Фото галерея