Санкт-Петербург шаардык администрациясынын өкүлдөрү ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Санкт-Петербург шаардык администрациясынын өкүлдөрү ОшМУда

Image

Санкт-Петербург шаардык администрациясынын өкүлү, Санкт-Петербург шаардык тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Евгений Григорьев баштаган делегация ОшМУда болуп, Ак-Буура кампусу менен таанышып чыкты. Россиялык конокторго клиниканын мүмкүнчүлүктөрү, заманбап жабдыктары, симулятивдик, морфологиялык илимий-практикалык лабораториялар, медицина факультеттеринин инфраструктурасы көрсөтүлдү.

Евгений Дмитриевич өз сөзүндө Санкт-Петербург жана Ош шаарынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык, социалдык-интеграциялык ж.б. багыттарда кызматташуунун жол картасы түзүлгөнүн, мында билим берүү жана илимий тармактарда да биргеликте иш алып баруу, айрыкча ЖОЖдор аралык кызматташууга, орус тилдүү мектептерди курууга, россиялык мугалимдердин Ош шаарында сабак берүүлөрүн уюштурууга көнүл бурула тургандыгын белгиледи.

Учурда ОшМУ Санкт-Петербург шаарындагы 7 жогорку окуу жай менен келишим түзүп, академиялык мобилдүүлүк, конок лекцияларды уюштуруу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий-лингвистикалык борборлорду ачуу, биргелешкен билим берүү программаларын түзүү ж.б. багыттарда иш алып барууда. Жакында эле ОшМУга Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин Иванов баштаган делегация иш сапары менен келип кеткен.

Фото галерея