Фергана өрөөнүндө туризмди өнүктүрүүнүн аймактык аспектилери жана перспективалары

Башкы Жаңылыктар

Фергана өрөөнүндө туризмди өнүктүрүүнүн аймактык аспектилери жана перспективалары

Image

2023-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы А.Низамиев жетектеген магистранттар Сагынбек кызы Г., Сатарова У.М. жана Абдурашитова А.А Фергана мамлекеттик университетинде өткөн “Фергана өрөөнүндө туризмди өнүктүрүүнүн аймактык аспектилери жана перспективалары” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышты.

ОшМУнун өкүлдөрү тематикалык баяндамаларды жасап, аймактагы туризмди өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоого активдүү катышты.

Аны менен катар эле  Маргалаң шаарындагы элдик көркөм кол өнөрчүлүк борбору (жибек борбору) жана Каптарлы Мазар тарыхый мечити менен  таанышкан. Эл аралык конференцияга  катышуу  туризм тармагында билим алып жаткан магистранттардын  кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизгенин  табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы А.Низамиев билдирет.

 

 

Фото галерея