2023-2024-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине ОшМУнун ректорунун кайрылуусу

Башкы Жаңылыктар

2023-2024-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине ОшМУнун ректорунун кайрылуусу

Image

Кадырлуу агай-эжейлер, ардактуу илимпоз устаттар, кесиптештер, сүйүктүү студент достор! Окуу жайыбыздын алдындагы гимназия-лицейлеринин, мектепке чейинки билим берүү борборлорунун окуучулары!

          Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын  Эгемендүүлүк күнү жана ага  удаалаш келген Билим майрамы менен чын дилимден куттуктаймын.

          Быйылкы окуу жылыбыз өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдык мааракесин белгилөө менен башталып отурат. Өлкө башчыбыздын демилгеси менен эгемендүүлүк майрамы ордолуу Ош шаарында өттү. Анын ичинде билимдин алтын уясы болгон Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция орун алды. Ар бирибиз эңсеп жеткен эгемендүүлүгүбүздүн баркына жетип, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салымыбызды кошолу. Эркин Кыргызстаныбыздын Туусу дүйнөдө түбөлүккө желбирей берсин!

          Бүгүн сиздер менен Билим майрамыбызды билим берүү, илим изилдөө, тарбиялоо багытында ийгиликтерибиз менен белгилеп, жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы идеялар менен кирип бара жатабыз.

          Жаңы окуу жылы жемиштүү жылдардан болсун, узап бараткан жылыбыз ОшМУга ийгилик, жаңы өсүү тепкичтерин алып келген жылдардан болду. КРнын Президентинин жарлыгына ылайык ОшМУга өзгөчө макам берилди.  “Ош мамлекеттик университетинин 2023-2026-жылдарга туруктуу өнүгүү модели” стратегиялык программасы иштелип чыкты.

          Өзгөчө макам алгандан тартып, университеттин окуу процесси академиялык эркиндиктин принциптерине шайкеш келип, студент окуган предметин жана окутуучуларды тандоо мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Бул кадамдар күчтүү атаандаштыкты жаратып, билим берүү сапатына түз таасир этип, академиялык эркиндикти, чынчылдыкты камсыз кылат жана дүйнөлүк рейтингде академиялык аброю менен байланышкан талаптарды сактайт деп ишенебиз.

ОшМУ 2022-2023-окуу жылында эл аралык көз карандысыз аккредитациялык агенттиктен жалпысынан 37 билим берүү программасы 5 жылдык мөөнөткө, институционалдык көз карандысыз аккредитациядан 7 жылга ийгиликтүү өттү.

Эгемендүүлүк майрамын утурлай ОшМУ мезгил талабына ылайык нанотехнология жана жасалма интеллект илимий-изилдөө институтун ачты. ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен жаңы ачылган институтка мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылды.

Санарип университеттин талаптарына төп келген бардык иш-аракеттер аткарылып жатат. Абитуриент окууга тапшыргандан тартып, диплом алганга чейинки кыймыл-аракеттер санариптештирилди. Бул өнөктүк мезгил менен бирге жаңылануу кадамын жасай бермекчи.

          Жыл ичинде 30дан ашуун эки тараптуу кызматташуу келишимдерине, 20дан ашуун кош дипломдуулук боюнча программаларга кол коюлду.         М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ОшМУда  борбору иштей баштады. Л.Н. Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетинин филиалы ОшМУда, ал эми ОшМУнун филиалы аталган университетте ачылды. Андан сырткары Кытайдын Сыюань университетинде да ОшМУнун “Кыргыз тили жана маданияты” борбору ушул жылдын сентябрь айында ачылуусу күтүлүүдө.

          2022-2023-окуу жылында “Билим” лицейинин 4 кабаттуу окуу имараты курулуп, ишке берилди. Учурда Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин ветеринардык клиникасы менен 5 кабаттуу окуу имараты, “Ак-Буура” кампусунда 5 кабаттуу окуу-лабораториялык корпусу жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү алдында турат. ОшМУнун “Ак-Буура” эс алуу жана реабилитациялоо борборунун курулушу кызуу жүрүүдө. Ош шаарынын эски ооруканасынын ордуна көп тармактуу 7 кабаттуу ОшМУнун медициналык клиникасынын курулушу башталды. Бүгүн Билим майрамын утурлай искусство факультетине кошумча окуу корпусунун курулушун ачуу алдында турабыз.

          Спорт жаатында “Университет-ОшМУ” волейбол кыздар жана балдар профессоналдык  клубдары КРдин волейбол  боюнча жогорку лигасындагы клубдар аралык мелдеште ушул жылы чемпион болушту. Бир топ студенттерибиз жана магистранттарыбыз дүйнө чемпионатына катышып, байгелүү орундарды багындырууда.

Урматтуу студент достор!

ОшМУнун билим ордосуна кадам таштап жатасыздар. Бул ар бир студенттин улуу максаттарына жетүүгө чоң жол ачат. Университет студенттин ар тараптан калыптануусуна, өнүгүүсүнө өзгөчө көнүл бурат. Бир эле учурда ОшМУда билим алып, академиялык мобилдүүлүк программасы менен чет өлкөлүк өнөктөш окуу жайларда окуп келүүгө шарт түзүлгөн. Эң мыкты окуган студент  айына 100, жылына 1200 АКШ доллар өлчөмүндө бир жыл бою стипендия алуу мүмкүнчүлүгү бар.  Студенттердин ойлоп табууларын, бизнес-идеяларын, долбоорлорун ишке ашырууга ОшМУнун “Жаштар бизнес паркы” мыкты аянча болуп берет. Ошондой эле жыл сайын университеттин медициналык клиникасы бардык 1-курсттун студенттерин акысыз текшерүүдөн өткөрөт. Биз сиздерден студенттик турмушка активдүү аралашып, жашооңуздун жаңы баскычын бийик үмүттөр менен баштап, жигердүү, жоопкерчиликтүү дымак менен алдыга умтулууңузга тилектешпиз.

Биз быйылкы окуу жылында дагы «Ош мамлекеттик университетинин 2023-2026-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн модели" стратегиялык программасына таянып, биргеликте дүйнөнүн алдыңкы изилдөө университеттеринин глобалдык коомчулугуна интеграцияланууга комплекстүү иш-аракеттерди жасайбыз. Бул багытта аткарылуучу иштердин жол картасы иштелип чыгып, тиешелүү жумуштар жолго коюла баштады.

Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер,

ардактуу студент достор!

          Алдыга койгон чоң максаттарга бирге жетели. ОшМУнун аброю артсын, дүйнөлүк рейтингдердеги алдыңкы ЖОЖдордун катарына кирели. Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгө берсин.

Ар бириңиздерге үй-бүлөлүк ырыскы-бакыт, бекем ден соолук, жамаатыбызда ынтымак-ырашкерлик каалайм.

 

Сиздерди терең урматтоо менен,

ОшМУнун ректору, профессор                                  Кудайберди Кожобеков