“Үмүт” телестудиясынын берүүлөрү УТРКнын каналдарынан берилет

Башкы Жаңылыктар

“Үмүт” телестудиясынын берүүлөрү УТРКнын каналдарынан берилет

Image

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев Ош мамлекеттик университетинде болуп,  ректор  Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында Болотбек Тиллебаев окуу жайдын “Маркетинг, коммуникация жана  коомчулук менен байланыш борбору” маалымат бөлүмүндөгү студенттик “Үмүт” телестудиясынын материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

“ОшМУнун “Үмүт” телестудиясында даярдалып жаткан видео контенттерди  УТРКнын  "КТРК", "Музыка", "Маданият-Тарых-Тил", "Баластан", “КТРК Спорт” телеканалдарына жөнөтүңүздөр. Мыкты даярдалган берүүлөрдү чыгарып, кызматташууга даярбыз”, -деди башкы директор.

Учурда “Үмүт” телестудиясы тарабынан университеттин жаңылыктары, маалыматтары чагылдырылып, таанып-билүүчүлүк программалар, автордук көрсөтүүлөр даярдалып келет.

Жолугушуунун алкагында УТРКнын Оштогу кабарчылар бөлүмүндө болушту.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Ош мамлекеттик университети ушул жылдын 13-майында эки тараптуу кызматташуу багытында келишимге кол койгон.

Фото галерея