ОшМУнун студенттик хор коллективтери ийгилик жаратышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттик хор коллективтери ийгилик жаратышты

Image

 

24 майда Кыргыз ССРнин эл артисти, биринчи хормейстер Султан Юсуповдун 105 жылдыгына карата Студенттик хор коллективдери арасында өтүүчү II республикалык кароо-сынак фестивалынын гала-концерти жана сыйлоо аземи тарых музейинин алдынды  өттү.

Иш чарага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдор катышышты. Аталган кароо-сынак фестивалга жети облус, 2 шаарынан 600гө чукул адамдан турган 12 студенттик хор коллективи катышты.

Алардын катарында ОшМУнун да 2 студенттик коллективи бар.

Жыйынтыгында ОшМУнун хор коллективтери женишке ээ болушту. Искусство факультетинин Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын хору 1 оорунду, музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижирлөө кафедрасынын хору 3 оорунду багындырышты. Студенттик хор коллективтери дипломдор жана 100 мин жана 60 миндик сертификаттар менен сыйланышты.

 " Мыкты хормейстер" номинациясы боюнча 10 мин сом менен К. Сагымбаева эжеке сыйланды.
 "Мыкты аткарылган жаны чыгарма" номинациясында улук окутуучу Р. Ормонов агай 5мин сом менен сыйланды

Мындай ийгилике студенттик хорлор Жениш Мойдунов, Рахматилла Ормонов, Канышай Сагымбаева жана Ашим Максутов эжей-агайлардын жетекчилигинде жетишти.

 

 

Фото галерея