Чехиялык профессор ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Чехиялык профессор ОшМУда болду

Image

Чехиянын Табигый илимдер университетинин профессору Петр Кокасл ОшМУга иш сапары менен келди.  Ал ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушту. Тараптар академиялык мобилдүүлүктү, кош дипломдук программаларды жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууда университеттер ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

А.Абдувалиев коноктон ОшМУга чех тилин билген волонтер мугалимди жөнөтүү, ошондой эле бул процесс Батыш Чех университети менен кантип ишке ашырылып жатканы,  студенттерди жана окутуучуларды алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

Тараптар Эразмус+КА 171 программасынын алкагында кызматташуу келишимине кол коюуга көмөктөшүүнү макулдашты, ага ылайык ОшМУнун студенттерине жана окутуучуларына Чехиянын Табигый илимдер университетинде билим алуу жана эл аралык окуу семинарларына катышуу үчүн стипендиялар берилет.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 12-мартында ЖОЖдор ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Фото галерея