Эжекелер веложарышта күч сынашты

Башкы Жаңылыктар

Эжекелер веложарышта күч сынашты

Image

ОшМУда "Сергек жашоо жана ден соолук" жылына  жана Энелер күнүнө карата  25 жана 40жаштан жогорку курактагы эжекелер арасында веложарыш мелдеши боюнча "Ректордун кубогу-2023" өттү.
Мелдеш А.Суюнбаев атындагы Ош шаардык стадионунда уюштурулуп, ага  Ош облусунун  Аялдар кеңешинин төрайымы Айкөкүл Мырзакаримова,  ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жыллдыз Артыкова катышты. 
Мелдештин жыйынтыгында 40жаштан жогорку курактагы эжекелер арасында 1-орунду Искусство факультети Рахима Абдрасулова, 2-орунду Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети Бермет Закирова,  3-орунду Теология факультети Нуртажи  Калыева (58 жашта), 4-орунду Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети  Кадыча Ажимаматова, 5-орунду Эл аралык мамилелер факультети Тазагүл Абдрахманова багындырды.
25 жаштан жогорку курактагы эжекелер арасында 1-орунду Орус филологиясы факультети Жылдыз Жаңыбай кызы, 2-орунду Кыргыз-кытай факультети Аккуу Бектурган, 3-орунду STEM инновациялык колледж Айтурган Алтынбек кызы, 4-орунду Кыргыз-кытай факультети Айдай Маткеримова, 5-орунда Медицина факультети  Клара  Турсунали кызы алды. Эки категорияда тең 1-орунга 3000 сомдон, 2-орунга 2000 сомдон, 3-орунга 1500 сомдон, 4-орунга баалуу белектер, 5-6-7-8-орундага дипломдор берилди.

Фото галерея