Хирургия боюнча I ЖОЖдор аралык олимпиада өттү

Башкы Жаңылыктар

Хирургия боюнча I ЖОЖдор аралык олимпиада өттү

Image

Алгачкы жолу ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде хирургия боюнча  ЖОЖдор аралык олимпиада болду. Ага  Кыргыз мамлекеттик  медициналык академиясынан, Эл аралык жогорку медициналык мектептен, Кыргыз-Россия славян университетинен жана ОшМУдан 7 команда катышты.

Студенттик олимпиадада катышуучулар хирургиялык, лапароскопиялык операцияларды жасоо, жараатты тигүү, кан тамырларды туура реконструкциялоо боюнча тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында, гран прини жана 1-орунду  Кыргыз мамлекеттик  медициналык академиясынын 2 командасы алды. Ал эми 2-орунга Кыргыз-Россия славян университетинин, 3-орунга ОшМУнун командалары татыктуу болду.

 

Фото галерея