“ОшМУ-Алдиер” футболдук клубу энелерден кабар алды

Башкы Жаңылыктар

“ОшМУ-Алдиер” футболдук клубу энелерден кабар алды

Image

Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргызстанда "Энелер күнү" белгиленет.  Бул майрамдын урматына окуу жайдын “ОшМУ-Алдиер” футболдук клубунун машыктыруучулары, футболчулар шаардагы “Боорукердик” үйүнө барды.

Спортчулар энелерге белек берип, майрамдык досторкон жайышты.

“ОшМУ-Алдиер” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Айбек Сулайманов “Кыргыз футбол федерциясынын демилгеси менен Алай футболдук клубу менен биргеликте бардык. Максатыбыз энелердин маанайын көтөрүп, аларга аз да болсо көңүл буруп, сый көрсөтүү”-дейт.

Буга чейин Ош облусунун Куршаб айылынын атынан чыккан “Алдиер” футбол клубу 2022-жылдын август айында ОшМУнун карамагына өтүп, “ОшМУ-Алдиер” деп аталып, Кыргызстан Премьер Лигасында ойноп жатат.

Фото галерея