Министр Алтынбек Максүтов  искусство факультетинде болду

Башкы Жаңылыктар

Министр Алтынбек Максүтов  искусство факультетинде болду

Image

2023-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов ОшМУнун искусство факультетине иш сапары менен келди. Факультеттин окутуучулары жана студенттери министрди жылуу тосуп алышты.

Министр факультеттин бардык бөлүмдөрү жана алардын ишмердүүлүгүнүн ар кыл багыттары, окуу кааналары,  кол өнөрчүлүк, сүрөт көргөзмөсү, тигүү цехи, музыкалык топтор менен кылдат таанышып чыкты.

Алтынбек Максүтов факультеттин жетишкендиктерин жана артыкчылыктарын белгилеп, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго жана факультеттин жамаатына жогору баа берип, ыраазычылык билдирди.

Андан соң министр мугалимдер менен жолугуп, пикир алмашып, сунуштарды угуп, суроолорго жооп берди. Мындан аркы бирге кызматташууга жана ар окутуучулардын, студенттердин чыгармачылык  иштерине  колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Фото галерея