Орто кесиптик билим берүүдөгү жаңы талаптар жана муктаждыктар

Башкы Жаңылыктар

Орто кесиптик билим берүүдөгү жаңы талаптар жана муктаждыктар

Image

ОшМУнун академиялык департаментинин директору Ибрагим Атабаев жана эки окутуучу Бишкек шаарында өтүп жаткан окутууга катышты. Окутуу КРсынын Өкмөтүнүн туруктуу өнүгүү концепциясына ылайык Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан республикалык илимий методикалык борборунда өттү. 
72 сааттык окутуу орто кесиптик билим берүүдөгү жаңы талаптар жана муктаждыктар багытында болду.  Анда орто кесиптик билим берүүдөгү окуу процессин уюштуруу, кредиттик технология менен окутуу, социалдык өнөктөштүк, улуттук квалификациялык негиз, кесиптик стандарттар, функционалдык карта жана  негизги билим берүү программалары, стандарттары боюнча маалыматтар айтылып, тажрыйбалар сунушталды.
Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар Бишкек шаарындагы Кыргызстан эл аралык университетинин техникалык колледжи менен таанышты.

Фото галерея