Окутуучулар АКШда TESOL-2023 конференциясына катышууда

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар АКШда TESOL-2023 конференциясына катышууда

Image

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын улук окутуучулары Гүлбарчын Эргешова,  Чынара Жээнбекова  жана Анара Тажибаева TESOL-2023 конференциясына катышууда.  Бүткүл дүйнөлүк англис тили мугалимдеринин конференциясы АКШнын Орегон штатынын Портленд шаарында өтүүдө.

TESOL-2023  иш-чарасында окутуучулар  "Incorporating translanguaging perspectives into the English language teaching classroom"  (Англис тилин окутуу классына котормочулук перспективаларды киргизүү) темасында презентация жасашты. Мындай масштабдуу, эл аралык программага катышуу ЖОЖдордун жана мектептердин мугалимдери үчүн чоң жетишкендик болуп саналат.

Фото галерея