ОшМУ менен БелМУнун кызматташтыгы жанданат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен БелМУнун кызматташтыгы жанданат

Image

ОшМУга  келген Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин эл аралык кызматташтык департаментинин директору Николай Цыбуля окуу жайдын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директору Абдыганы Абдувалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, мындан бир нече жыл мурун ОшМУ менен БелМУнун ортосунда USCO аркылуу долбоор ишке ашып, анын алкагында 5 студент орус тили жана адабияты адистиги боюнча кош дипломдук магистратураны ийгиликтүү аяктаган.

Жолугушууда тараптар бул долбоорду жандандырып, кош дипломдук программалар боюнча ишти улантууну макулдашышты. Ошондой эле студенттерди жана мугалимдерди алмашуу, биргелешкен илимий долбоорлорду, конференцияларды өткөрүү жана эл аралык рейтингдерде бири-бирин колдоо боюнча мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Фото галерея