ОшМУнун жаңы брендинин сайты иштелип чыкты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун жаңы брендинин сайты иштелип чыкты

Image

Эл аралык рейтингдердин талаптарына ылайык, университет 4.0 муунуна айлануу багытын эске алуу менен Ош мамлекеттик университетинин жаңы бренди иштелип чыкты.

Брендди иштеп чыгууда университеттин бай тарыхы, учурдагы абалын жана келечек стратегиялык багыттары эске алынды.

Брендде – университеттин фирмалык стили, түсү, тамгасы, слоганы болуп баары бир логикалдуу чынжырчага байланат. Визиттик карточкадан тарта, бардык иш-аракеттерде университеттин бренди чагылып туруусу абзел. Аталган бренд өндүрүштүк университетке айлануудагы ОшМУнун товардык белгиси катары кызмат кылат.

Ошондой эле жаңы бренддин сайты иштелип чыкты. Сиз каалаган форматта төмөндөгү шилтеме аркылуу жаңыланган логотипти, промороликтерди, сүрөт, таркатма материалдарды көчүрүп алууга болот.

Сайт: http://brand.oshsu.kg/

Фото галерея