Тил жана адабияттардагы маданий-спецификалык универсалдуулук

Башкы Жаңылыктар

Тил жана адабияттардагы маданий-спецификалык универсалдуулук

Image

2023-жылдын 24-мартында  онлайн форматта “Тил жана адабяттардагы маданий-спецификалык универсалдуулук ” аталышында VII эл аралык илимий конференциясы өттү. Конференция орус филологиясы факультетинин чет тилдер жана маданияттар аралык коммуникациялар кафедрасы Курган мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер факультетинин  чет элдик филология, лингвистика жана чет тилдерин окутуу кафедрасы менен биргеликте уюштурулду. 
Эл аралык конференцияга  Алжир, Белоруссия, Казакстан, Камерун, Кыргызстан, Монголия, Россия, АКШ, Өзбекстандан  200дөн ашуун  окутуучулар, аспиранттар, магистрлер катышты. 
Конференцияда 3 секция иш алып барып, анда ОшМУнун окутуучулары, аспиранттары , магистрлери жана студенттер илимий баяндамаларды жасашты. 
Иш-чаранын алкагында ОшМУ менен Курган мамлекеттик университетинин эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр болду.