Эми жаш окумуштуулар Орусиянын ЖОЖдорунан акысыз тренингден өтө алышат

Башкы Жаңылыктар

Эми жаш окумуштуулар Орусиянын ЖОЖдорунан акысыз тренингден өтө алышат

Image

 ОшМУга Москвадагы Коммуникациялык өнүктүрүү илим изилдөө институтунун илимий иштер боюнча директордун орун басары  Валентина Комлева, Орусиянын  Ош шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Константин Бахтин иш сапары менен келип, окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолукту.

Анда  ОшМУ менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы илим жаатындагы  кызматташтыгын жогорулатуу багытында пикир алышуу орун алды. Профессор Валентина Комлева ОшМУнун аспиранттары, жаш окумуштуулары Орусиянын ЖОЖдорунан 3 жумалык акысыз тренингдерден өтүп, ошол жактан илимий жетекчи бекитүүгө сунушун айтты.  

Жолугушуу ОшМУнун базасында  өтүп жаткан Евразиялык билим берүү жарманкесинин алкагында өттү.

Фото галерея