Ош шаарында өткөн Нооруз майрамына ОшМУ өзгөчө даярдыкта катышты

Башкы Жаңылыктар

Ош шаарында өткөн Нооруз майрамына ОшМУ өзгөчө даярдыкта катышты

Image

21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында улуттук майрам – Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. 

Майрамга келгендерди КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов куттуктады. Майрамдык салтанатка калаа тургундары жана коноктору, аксакалдар, жаштар катышты.

Иш-чаралар  борбордук аянтта башталды. Андан соң көргөзмө-жарманке ачылып, анда улуттук тамак-аштын түрлөрү коюлуп, ишкерлер, сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр өз буюмдарын тартуулашты. 

Жарманкеге ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректордук жамаат, окутуучулар, студенттер катышып, майрам келген шаар тургундарына, конокторго сүмөлөк таратылып, кыргыздын улуттук тамак-аштары тартууланды. Искусство факультетинин студенттери улуттук кийимдердин көргөзмөсүнө катышышты. 

 

 

 

Фото галерея