Нооруз - тирүүлүктүн жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы

Башкы Жаңылыктар

Нооруз - тирүүлүктүн жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы

Image

Урматтуу устаттар!
Кадырлуу кесиптештер!
Кымбаттуу студенттер!

Жаныбар аттуунун баарына жан кирип, жашоону өзгөчө шаңга бөлөп, жаратылышты жашыл түскө боёп келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн баарыңыздарды куттуктаймын!

Эзелтен Нооруз - тирүүлүктүн жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, Тирүүлүккө, Жашоого таазим эткен. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарды жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылган. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулган. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечирген. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген.
Тээ илгертен бери дал ушул күнү конок каадасы күтүлүп, айран, каттама, каламалар, көмөч нандар, ошондой эле көктөм майрамына мүнөздүү ууз салынып, талканга каймак, бал умашталып, көжө, бозо, кымыз, актык дасторконго коюлуп келген.  Бул мурастарыбыз азыр деле элибизде сакталып калганы кубандырат жана ушул күнү да эл колунан келген актык азыктарын алып Нооруз майрамын майрамдашат.

Быйылкы жаз — куттуу университетибиз үчүн өзгөчө жаз. Ооба, быйыл жаз эрте келди. Демек, биз да мезгилден артта калбай коом алдында аракеттерибизди эртелетүүгө милдеттүүбүз. Анткени жамаатыбыз өтө маанилүү жана жооптуу учурду, тактап айтканда, мамлекет жетекчиси арткан ишенимди абийирдүүлүк менен аткарып, буга чейинки жетишкендиктерибизди бекемдеп, аракеттерибизди жүзөгө ашырууга, маанилүү болгон кадамды жасоого милдеттүүбүз. Ал кадамдар өлкөбүздү жаңы бийиктиктерге, жаркын жашоого сүрөөгө багытталган.
Биз ынтымакка бөлөнүп, биримдикке таянганда гана ОшМУну өркүндөтүп, Кыргызстандын жаркын келечегин кура алабыз.

Ошондуктан, кирип келген Нооруз бизге дем берип, элибиздин ырыскысы артсын! Мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!

Сөзүмдүн аягында Улустун улуу күнүндөгү бата түрүндөгү тилегимди айтайын: Биздин жамаатта жетишкендиктер, ийгиликтер, улууга – урмат, кичүүгө – ызаат, жылуу мамиле болушун каалайм! ОшМУ ынтымакчылыктын очогу болсун ылайым!

                Урматым менен ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич