ОшМУнун ректорунун кубогу башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректорунун кубогу башталды

Image

Бүгүн, 9-мартта спорттун  кичи футбол түрү боюнча ректор Кудайберди Кожобековдун кубогу башталды. Мелдеш “Сергек жашоо жана ден соолук жылына”  карата уюштурулуп,  жогорку жана биринчи лига болуп эки лигада өткөрүлүүдө.
Жогорку лигага  ОшМУнун жана Ош шаарында жайгашкан ЖОЖдордон 7 курама команда,  ал эми биринчи лигага окуу жайдын структураларында эмгектенген кызматкерлерден түзүлгөн 8 команда катышууда.
Спорттук иш-чараны  өткөрүүнүн максаты окутуучулар арасында достук мамилени чыңдоо, ынтымакты арттыруу жана спорттун кичи футбол түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу болуп эсептелет.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом, кубок  жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Ошондой  эле “Мыкты коргоочу", “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты оюнчу” жана “Мыкты дарбазачы” номинацияларынын ээлери аныкталып, сыйлыктар берилет.

Фото галерея