"Японияда окуу" жарманкеси өттү

Башкы Жаңылыктар

"Японияда окуу" жарманкеси өттү

Image

ОшМУнун базасында  "Японияда окуу" аталышында жарманке өттү. Жарманке дүйнөлүк алдыңкы университеттердин тобуна кирген Цукуба университети, Япониянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргыз-Япон борборунун өкүлдөрү тарабынан уюштурулду. 

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Цукуба университетинин професору Ито Хиронори баштаган делегация  менен жолугуп, эки окуу жайдын буга чейинки кызматташтыгы жана алдыдагы пландары боюнча пикир алышты.

Окуу жайдын жыйындар залында уюштурулган жарманкеде япон тилин жана маданиятын Кыргызстандын түштүк аймагында жайылтуу, ОшМУда япон тилин окуп жаткан студенттерге Цукуба университети гана эмес, Япониянын бардык жогорку окуу жайлары тууралуу маалымат берилип, аларга тапшыруунун жол-жобосу, академиялык мобилдүлүк боюнча программалары тууралуу презентациялар көрсөтүлдү.

 2022-2023-окуу жылында Японияда  билим алып жаткан кыргызстандык 128 студенттин жетөөсү ОшМУдан барышкан. Үч жыл аралыгында окуу жайдын 20 студенти Япониянын жогорку окуу жайларынан мобилдүүлүк программасы менен билим алып келишкен.

Учурда ОшМУнун студенттери Япониянын унивеситеттеринен академиялык мобилдүүлүк программаларынын алкагында узак мөөнөтүү - 1 жылга жана кыска мөөнөттүү - 3 айга окуп келүү мүмкүнчүлүгү бар. Японияда билим алып келген студенттер окууну аяктагандан кийин ал жакта жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү да бар. Учурда ОшМУнун 5 бүтүрүүчүсү Японияда эмгектенип жатат.

"Японияда окуу" жарманкесине ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин, Дүйнөлүк тилдер жана маданият, Эл аралык мамилелер факультеттеринин студенттери катышты.

Фото галерея