ОшМУнун профессору Бишкекте советтик модернизацияны талкуулады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун профессору Бишкекте советтик модернизацияны талкуулады

Image

22-октябрда Кыргыз-Россия Славян университетинде «Россия жана Кыргызстан Чоң Евразияда: өткөн, азыркы учур жана келечек» аттуу эл аралык эксперттик-аналитикалык форум өттү.

Форумга Орусия менен Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын, илимий мекемелеринин жана эксперттик борборлорунун өкүлдөрү катышты. Алар эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечегин, аймактык коопсуздукту, жалпы тарыхый мурас, Евразиянын өнүгүүсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Пленардык жыйында Орусия менен Кыргызстандын өз ара кызматташтыгынын келечеги, Борбордук Азиядагы суу коопсуздугу, көп полярдуу дүйнөдөгү аймактык кызматташтык жана гуманитардык билим берүүнү өнүктүрүү маселелери каралды. Форум илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнө пикир алмашууга, тарыхый тажрыйбаны азыркы эл аралык процесстер менен байланыштырып талдоого мүмкүнчүлүк берди.

Тарыхый багыттагы тегерек столдо Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун профессору Байболот Абытов «Советтик модернизация долбоорундагы Кыргызстан: 1922–1945-жылдардагы өнүгүү тажрыйбасы жана көйгөйлөрү» темасында баяндама жасады. Баяндама  советтик мезгилдеги Кыргызстандын өнүгүү тажрыйбасы жана анын көйгөйлөрүн илимий көз караштан карап чыгууга арналды. Ошондой эле баяндама эксперттердин талкуусун жаратып, тарыхый процесстерди ар тараптуу талдап, пикир алмашууга шарт түздү.

Талкууга Кыргыз-Россия Славян университетинин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин жана башка илимий-билим берүү мекемелеринин тарыхчылары менен изилдөөчүлөрү катышты. Алар советтик модернизациянын өзгөчөлүктөрүн, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышын, улуттук-аймактык бөлүштүрүүнү, инфраструктура менен сугат системасынын өнүгүүсүн, тарыхый мурасты калыс изилдөө маселелерин талкуулашты.

 

Фото галерея