ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу операция жасалды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун медициналык клиникасында биринчи жолу операция жасалды

Image

ОшМУнун медициналык клиникасында ашказан рагына чалдыккан бейтапка алгачкы жолу операция жасалды. Операцияны клиниканын хирургия бөлүмүнүн башчысы врач-хирург, онколог Жанек Белеков эндокопист, онколог, хирург Омурбек Алишов менен биргеликте жасады.

“Бүгүн ОшМУнун тарыхында алгачкы  жолу ашказан рагына операция жасалды. Операция 4 саат созулду. Анткени ракка жасалчу операциялар узак убакыт өтө кылдаттык менен жасалат. Акыркы медициналык көндүмдөрдү колдонуу менен бейтаптын ашказынан операцияны ийгиликтуүү жасап бүттүк”,-деди врач-хирург,онколог Жанек Белеков.

ОшМУнун медициналык клиникасынын операциялык обочосунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

Февраль айында клиникага 2022-жылы чыгарылган 4-1 лопороскоп аппараты алынып келинет, ал аппарат аркылуу абдоминалдык хирургия, гинекология, боор жана урология багыттарында операция жасоого болот.

2022-жылдын декабрь айында клиника үчүн окуу жай "тез жардам" унаасын да сатып алган.

Фото галерея