Кыргыз-түрк факультетинин шайыр, тапкыч студенттери “Ректордун кубогун” жеңип алышты

Башкы Жаңылыктар

Кыргыз-түрк факультетинин шайыр, тапкыч студенттери “Ректордун кубогун” жеңип алышты

Image

 10-мартта “Ректордун кубогуна” арналган студенттик шайыр тапкычтар оюуну өттү.

Мелдешке жалпы окуу жайдын факультет, колледждеринен 7 команда катышты. Студенттер саламдашуу, суроо-жооп, музыкалык үй тапшырмасы конкурстарында чыгармачылыгын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Кыргыз-түрк факультетинен куралган команда 1-орунду утуп алып, “Ректордун кубогу”, диплом, 15 000 сом акчалай сыйлык алышты. 2-орунду ээлеген Математика жана информациялык технологиялар факультетинин командасы 12 000 сом, 3-орунду ээлеген Индустриалдык-педагогикалык колледжинин командасы 9 000 сом акчалай сыйлык, диплом, сертификаттар менен сыйланды. Ошондой эле мыкты оюнчулар кызыктыруучу белектерге ээ болушту.  Сыйлыкты ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова тапшырды.

“Ректордун кубогуна” арналган студенттик шайыр тапкычтар оюну студенттердин  маданий эс алуусун уюштуруу, юмордук сезимин өстүрүү, шайырдыкты, тапкычтыкты калыптандыруу, достук мамилени чыңдоо, моралдык дем берүү максатында окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Фото галерея