ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Жылдыз Артыкова, тиешелүү факультеттердин жетекчилери окуу жайдын №1, №3, №4 а, №4 б, №6, №7, №8 студенттик жатканаларында болду. Жаны жыл алдында студенттерден кабар алган окуу жай жетекчиси университетте бир жыл аралыгында жасалган алгылыктуу иштер, студенттердин билим алуусуна түзүлгөн шарттар боюнча маалымат берди.
![]()
Студенттер тарабынан даярдалган майрамдык кечелерге катышты.
![]()
Жатаканаларда уюштурулган “Жылдын мыкты бөлмөсү”, “Жылдын таза бөлмөсү”, “Жылдын жасалгалуу бөлмөсү”, “Жылдын мыкты старостасы” сынактарынын жеңүүчүлөрүн куттуктап, жаны жылдык белектерин тапшырды.
![]()