БИЛИМ БЕРҮҮ ИШИН ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИНЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ

Башкы Жаңылыктар

БИЛИМ БЕРҮҮ ИШИН ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИНЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ

Image

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы №552 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2018-жылдын 23-июлундагы №334 токтому күчүнө кирди.

Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобонун” жаңы баяндамасы бекитилди.

Лицензиялоо тартибиндеги айрым өзгөртүүлөр:

- лицензия алууда арыз ээсинде педагогикалык кызматкерлер менен эмгек келишимин түзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу болушу керек. Бул өзгөртүү арыз ээсин лицензия алганга чейин жалдоо же толук эмес кызматкерлерди алуу зарылдыгынан бошотот.

- лицензияда билим берүү ишин жүзөгө ашыруунун иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт. Иш жүзүндөгү дареги өзгөргөн учурда билим берүү уюму министрликке билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

- лицензиянын формасынан окуучулардын чектүү контингенти жөнүндө графа алынып салынган. Бул билим берүү уюмуна эмгек рыногунун муктаждыгына жараша жумушка алууга мүмкүндүк берет.

- лицензияны кайра тариздөө жөнүндө чечим министрликтин буйругу менен кабыл алынат. Бул лицензияны кайра тариздөө процессин тездетет.

-Арыз ээсинде менчик, оперативдүү башкаруу укугунда билдирилген программалар боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн ижарага алынган же 2 жылдан кем эмес мөөнөткө акысыз пайдалануу жөнүндө келишимдин негизинде жабдылган имараттардын, жайлардын, курулмалардын, машыгуу аянтчаларынын, аймактардын жана жерлердин болушу. Билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн пайдалуу аянт бир окуучуга 3 кв.м түзөт;

- арыз ээсинде башталгыч кесиптик, орто кесиптик, жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки медициналык кесиптик билим берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билдирилген билим берүү программалары боюнча окуу, окуу-методикалык адабияттардын, башка китепканалык-маалыматтык ресурстардын болушу;

- медициналык жана фармацевтикалык билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн клиникалык базага ээ болуу талабы. Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарынын менчик же оперативдүү башкаруу укугунда медициналык ишти жүзөгө ашырууга тийиштүү лицензиясы бар клиникалык базасы болууга тийиш;

- штаттык кызматкерлер менен толуктоо пайызынын төмөндөшү.

Токтомдун шилтемеси:

Кыргыз тилинде http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/159502?cl=ky-kg

Убактылуу жобонун тексти  http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/159503/10?cl=ky-kg&mode=tekst