Аялдар жана жаштар тамекиге каршы

Башкы Жаңылыктар

Аялдар жана жаштар тамекиге каршы

Image

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Республикалык Аялдар кеңешинин бирикмеси, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму  ОшМУ менен биргеликте “Аялдар жана жаштар тамекиге каршы” аталышындагы улуттук аялдар форумун өткөрдү.
Форумга ар тармакта лидер  болгон айымдар, коомдук активисттер, ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, студенттер катышты. Форумда чыгармачылык, спорт, бизнес, медицина, IT индустрия, ММК тармагынын өкүлдөрү өздөрүнүн тажрыйбалары, кеп-кеңештери менен бөлүштү.
Ошондой эле иш-чарада тамекиге каршы пропагандалоо иштери жүргүзүлүп, тамеки жана никотин колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө өлкөдөгү аялдардын, жаштардын билим деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу максатында уюштурулду. Мындан сырткары билим берүү мекемелеринде тамеки чегүүгө каршы чөйрөнү калыптандыруу, колдоо жана студенттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу.

Фото галерея