Окуу жылы 1-сентябрда башталат

Башкы Жаңылыктар

Окуу жылы 1-сентябрда башталат

Image

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, республикада билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрү белгиленгендигин билдирет.

Ошентип, жалпы билим берүүчү уюмдарда, башталгыч кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.