АЙКАНЫШТЫН ОШМУДАГЫ ИЙГИЛИКТҮҮ СТУДЕНТТИК ЖЫЛДАРЫ

Башкы Окуялар

АЙКАНЫШТЫН ОШМУДАГЫ ИЙГИЛИКТҮҮ СТУДЕНТТИК ЖЫЛДАРЫ

Айканыш Асранкулова Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал дипломат кесибинин ээси болгон. Учурунда Айканыш ОшМУга тапшырарда аны алдыда кандай мүмкүнчүлүктөр күтүп турганын билген эмес. Билимге болгон кызыгуусу, талыкпаган эмгеги жана окуу жайдын түзүп берген шарттары аны ийгиликтерге жеткирди.