Ош мамлекеттик университетинин аспирантура жана докторантура бөлүмү 2026-жылдын 24–25-июнь күндөрү Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин алкагында «Илимий-изилдөөлөрдүн методологиясы» аттуу тренинг-семинар өткөрөт.
Иш-чарага аспиранттар, докторанттар, изденүүчүлөр, жаш окумуштуулар жана илимий изилдөөлөргө кызыккан бардык каалоочулар чакырылат.
Тренингдин жүрүшүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары, изилдөө иштерин пландаштыруу, маалыматтарды талдоо жана илимий макалаларды даярдоо боюнча пайдалуу маалыматтар берилет.
Катышуу акысыз.
Катышууну каалагандар алдын ала каттоодон өтүүсү зарыл.
Бардык каалоочуларды активдүү катышууга чакырабыз!